Экспертиза көз каранды эмес болуусу сунушталат

“Көз карандысыз соттук-медициналык экспертиза түзүү зарылдыгы боюнча сунуш киргизип жатабыз”, - деди президент Роза Отунбаева “Биринчи радиого” берген интервьюсунда.

Президент кармалгандарды кыйноо, мыйзамсыз камакка алуулар азыркы күндөгү актуалдуу маселе деп эсептейт.

Кыйноолорго каршы коалициянын маалыматы боюнча, 2009-жылдын августунан 2010-жылдын августуна чейинки аралыкта Кыргызстанда 186 кыйноо фактысы катталган. Алардын 93 пайызы убактылуу кармоо абактарына болгон. Кыйноолорго дуушар болгондордун арасынан ону аялдар жана алтоо жашы жете элек балдар. (RK)