Аялдардын укуктары боюнча окуу башталды

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында аялдардын укуктарын коргоо боюнча окуу башталды. Ага аялдардын бейөкмөт уюмдарынын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана мамлекеттик кызматкерлер катышууда. Уюштуруучусу - Улуттук гендердик мектеп.

Аялдардын саясый, шайлоо жана экономикалык укуктарынын сакталышы, зомбулукка кабылышы сыяктуу маселелер талкууланат. Окуу 26-сентябрга чейин уланат. Ага 50 адам катышууда. (RK)