Парламенттик комитет Соттор кеңеши боюнча мыйзамды талкуулайт

Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелер боюнча комитети бүгүн Сотторду тандоо тууралуу мыйзамга өзгөртүү-толуктоо киргизүүнү талкуулайт. Мыйзамдын демилгечиси “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баяндама жасайт. Кыргызстанда сотторду тандоо талаш-тартыштар менен коштолуп жатат. Буга чейин президент Роза Отунбаева Жогорку Соттун судьялыгына өзү сунуштаган 14 талапкерди кайра чакыртып алган болчу. (EBM)