Укук темасы боюнча тасмалар фестивалы өтөт

27-сентябрда Бишкекте адам укуктарына арналган даректүү тасмалардын “Бир дүйнө” деп аталган фестивалы өтөт. Иш-чараны ушуну менен бешинчи ирет “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюму уштуруп жатат. Фестивалда жалпысынан 30 тасма көрсөтүлөт жана анда негизги көңүл балдар, өспүрүмдөр жана калктын аялуу катмарларынын укуктарына бурулмакчы. (EBM)