Ливияда айыгышкан салгылашуулар жүрүүдө

Ливиянын эки шаарында утурумдук өкмөттүн аскерлери менен Муаммар Каддафини колдогон күчтөр ортосунда айгышкан салгылашуулар жүрүп жатат. Сирт жана Бани Валиддин көчөлөрүндө аткылашуулар угулуп жатканы кабарланууда. Жаңы бийликтин армиясы бир нече күндөн бери эски режимдин акыркы чептерин ээлөөгө аракеттенүүдө. Бирок каддафичилер алардын мизин кайтарып жатышат. Ал эми бир айдай мурун бийликтен кулатылган Каддафинин кайда жашырынып жүргөнү беймаалым. Анын басма сөз катчысы полковник өткөөл өкмөткө каршы салгылашууларды Ливиянын ичинен жетектеп жатканын билдирди.