БШК президенттикке талапкер Ө.Суваналиевге эскертүү берди

Боршайкомдун үгүттүн жүрүшүнө көзөмөл салууга байланыштуу түзүлгөн жумушчу тобу президенттикке талапкер Өмүрбек Суваналиев эртелей үгүткө киришкенин белгилейт. Бул талапкердин "Алиби", "Фабула" жана "Дело №..." басылмаларына курган соңку маектеринде үгүт бар экендиги аныкталды.

БШК эгерде мындан ары да талапкер тарабынан ушул өңдүү мыйзам бузууларга орун берилсе, ал маарадан четтетилээри эскертилди. (ЕК)