Талапкерлердин тил сынагы уланууда

Бүгүн президенттикке талапкерлигин койгон беш адам: Кубанычбек Исабеков, Арстанбек Малиев, Алманбет Матубраимов, Шамшыбек Медетбеков жана Роман Омаров мамлекеттик тил сынагынан өтүшүүдө.

Сынак эрежеси боюнча талапкерлер үч тапшырма аткарышат: жарым саат ичи шайлоо программасын кыргыз тилинде жазып, андан соң ал тууралуу оозеки айтып беришет. Соңунда талапкерлер көркөм окуу боюнча тескөөдөн өтүшөт.

Буга чейин 19 талапкер мамлекеттик тилди билүү боюнча сынактан өтүп, төртөө кыргыз тилин тийиштүү деңгээлде билбейт деген негиз менен маарадан четтетилген.

Тил сынагы 24-сентябрга дейре шаршемби, бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүлүп, күндүзгү саат 10дон кечки саат 5ке чейин созулуп турат. Сынак 7-сентябрда башталган. (ЕК)