Отунбаева казак өкмөт башчысын кабыл алды

Кечээ өлкө башчысы Роза Отунбаева Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен жолугушту. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда кыргыз-казак өкмөт аралык кеңеш жыйынында көтөрүлгөн маселелер тууралуу сөз жүрдү. Тараптар экономикалык, маданий, гуманитардык, чек ара жаатындагы кыргыз-казак кызматташтыгы тууралуу пикир алышты.

Отунбаева соода-экономикалык кызматташтыкты арттырууга басым жасап, кыргыз тарап казактардын капиталына жана бирдиктүү бизнес жүргүзүү аракеттерине даяр экендигин билдирди.

Өлкө башчысы казак премьер-министрине “биз Казакстан менен пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө абдан чоң маани беребиз”, - деп билдиргенин президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (ЕК)