Атамбаев: Кыргыз-казак экономика мамилелери келечектүү

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы экономикалык мамилелер динамикалуу өнүгүп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Алмазбек Атамбаев билдирди. Анын айтымында, мамилелерди мындан да күчтөндүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Бүгүн Бишкекте кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтүп жатат. Ага казак премьери Карим Масимов катышууда. (EBM/RK)