Жаңылыктар Минск: метродогу жардыруу боюнча сот иши болот 15-Сентябрь, 2011 Беларуста ушул жылдын 11-апрелиндеги Минск метросундагы жардыруу боюнча соттук кароо башталат. Ал жардырууда 15 киши набыт болуп, 200дөн ашуун жараат алган. Бул ишке айыптуу делинип Беларустун эки жараны кармалган.