Вашингтондун өкүлү Ливияга барды

АКШ Ливиядагы элчилигин мүмкүн болоору менен кайра ачат. Бул тууралуу Триполиде сапарда жүргөн мамлекеттик катчынын Жакыңкы Чыгыш боюнча жардамчысы Жеффри Фелтман билдирди. Вашингтондун чабарманы Ливиянын өктөөл өкмөтүнүн жетекчиси Мустафа Абдел Жалил менен жолугушууда жаңы бийликтин өлкөдөгү коопсуздукту өз көзөмөлүнө алуу аракеттерин кубаттады.

Дипломаттын айтымында, Вашингтон Ливиянын карапайым жашоочуларын коргоо үчүн жүргүзүлүп жаткан НАТОнун операциясын улантууну колдойт. Ал тапта козголоңчулар Бани Валид жана Сирте шаарларын алууга камданышууда.