Апрель окуясы боюнча сотто жаңжал чыгып кете жаздады

Бишкекте өтүп жаткан былтыркы апрель окуясы боюнча соттук териштирүүдө бүгүн жабырлануучулар менен соттолуп жаткандардын ортосунда жаңжал чыгып кете жаздаганын Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев маалымдады.

Жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариевдин "Азаттыкка" маалымдашынча, мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын соттолуп жаткан кызматкерлеринин бири колунун манжалары менен жабырлануучулар тарапка мазактаган белги көрсөткөнү үчүн жабырлануучулардын бири колундагы суу куюлган пластик бөтөлкөсүнүн капкагын аны көздөй ыргыткан. "Бирок танапис маалы келип калгандыктан, баарыбыз чыгып кеттик, эч кандай деле жаңжал болгон жок", - дейт Жамансариев.

Мурдараак соттолуучу тараптын өкүлдөрү көздөй таш ыргытылды деген маалымат чыккан.

2010-жылдын 7-апрелинде Өкмөт үйүнүн алдында митингге чыккан адамдардын 90го жакынынын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголуп, мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 адам сот жообуна тартылууда. Алардын арасынан Бакиев өзү жана дагы бир нечеси издөөдө.