Бишкекте Жапон маданиятынын жумалыгы болот

Жапон маданиятынын 2-жумалыгынын салтанаттуу ачылышы 16-сентябрда Улуттук филармонияда болот. Андан кийин ырааттуу тартип менен жапон музыкасы, тамак-ашы, бий фестивалы болот.

Иш-чаралар Улуттук филармонияда, кыргыз, орус драма театрларында, Ала-Тоо аянтында, чыгармачыл балдардын Сейтек борборунда, Хаят мейманканасында болот. Буларга катарлаш бир катар китеп дүкөндөрүндө жапон жазуучуларынын китептери көрсөтмөсү болот. (ZKo)