Коопсуздук комитетине дооматтар иликтенүүдө

Коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкуловдун билдирүүлөрү боюнча атайын комиссия түзүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатканын 12-сентябрдагы маалымат жыйынында билдирди. Дүйшөбаев ошондой эле “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып өзүнүн мурдагы орун басарынын дооматтарын төгүндөдү.

Марат Иманкулов УКМКны коопсуздук менен алектенбей, бийликтин саясий куралына айланып калды деп айыптап, кызматын таштап кеткендигин жарыялаган. УКМКнын маалымат кызматы ага дароо жооп кайтарып, Иманкуловду саясий күчтөрдүн куралына айланды деп билдирген. Эксперттер эл алдындагы мындай кайым айтышууларды абройлуу мекеменин кадырын кетирчү көрүнүш деп баалашкан. (BuS)