Чет элдик телерадиоберүүлөрдү көзөмөлдөөгө көп чыгым кетет

Чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын берүүлөрүн көзөмөлдөө чоң каржылык жана техникалык чыгымдарга дуушар кылат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө чет өлкөлүк ММКларды Кыргызстанда көрсөтүп, уктурган телерадиокомпаниялардын жетекчилери билдиришти дейт “Азаттыктын” кабарчысы. Ал эми бул тууралуу мыйзамдын демилгечилери аны шайлоо учурунда башка өлкөлөрдүн Кыргызстандын ички ишине кийлигишүсүнө тыюу салуу катары түшүндүрүүдө.

“Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 22-беренесине ылайык, чет өлкөлүк телерадиолорду ретрансляциялаган жергиликтүү телерадиоканалдар шайлоо учурунда алардын программаларын жазып алып, карап чыккандан кийин гана эфирге бериши керек. Тегерек үстөлдө бул мыйзам телерадиокомпаниялардан сырткары кабелдик операторлорго да тиешелүү экендиги айтылды.

Кыргызстандын президентин шайлоо 30-октябрда болот. (RK/ZB)