ВИЧке чалдыккандардын 62 пайызы баңгилер экени айтылды

Республикалык "СПИД" борборунун 1-августка карата берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда ВИЧке чалдыккан адамдардын 62 пайызын баңгилер түзөт. Расмий катталган оорулуулардын саны 3663, алардын 392синде СПИД экени такталган, 2278и ийне сайынган баңгилер. Бирок, расмий маалыматтар боюнча, бул көрсөткүчтөр мындан да жогору экени айтылууда.