НАСА Айдын чордонун изилдөөгө кош космос кемесин жөнөттү

АКШнын космос агенттиги 10-сентябрда авто-учкуч менен учкан эки кемесин Айдын мындан миллиарддаган жыл мурда кандайча жаралганын изилдөөгө жиберди. ГРЕЙЛ жандоочтору Флоридадагы Канаверал тумшугунан учуп чыккан ракетанын ичине жайгаштырылган. 500 миллион доллардык спутниктер Айдын магниттик күчүн пайдалануу менен анын ичинде эмне бар экенин картага түшүрмөкчү.