Нетаняху Израилдин Каирдеги элчилигине кол салууну айыптады

Израилдин өкмөт башчысы Бенжамин Нетаняху сүрмө топтун чабуулун “олуттуу окуя” деп мүнөздөдү. Ал Египетке кайрылып, элчиликти коргоону талап кылганы үчүн АКШнын президенти Барак Обамага ыраазычылык билдирди.

Имаратта калган алты израилдик дипломатты египеттик атайын күчтөр аман алып чыгышкан.

Египеттин МЕНА кабар агенттиги билдиргендей, бүгүн полиция демонстранттарды таркатууга аракет кылганда 450гө чукул адам жараат алды. Кечээ демонстранттар Израил элчилигинин сыртындагы коопсуздук тосмосун талкалап өтүп, имараттан иш кагаздарын сыртка ыргытышкан эле.