Ошто балдар толеранттуулукка үйрөнүшөт

Ош шаарынын балдары үчүн ЮНИСЕФ уюму атайын оюн-зоок иш-чарасын уюштуруп, аларды улуттар аралык ынтымакка жана толерантуулукка үйрөтөт. Уюштуруучулар "Азаттыкка" кабарлашкандай, бул үчүн кыргыз, орус, өзбек жана англис тилдеринде жомоктор көрсөтүлүп, ар башка улуттагы адамдар ынтымакта жана биримдикте жашашы керектигин даңазалаган оюндарга балдар өзүлөрү катышат. "Батут театры" деп аталган иш-чара 12-сентябрда Ош шаарында башталып, кийинчерээк Жалал-Абадда улантылат. Былтыр июнь айында аталган эки шаарда кыргыз менен өзбектердин ортосунда улут аралык жаңжал чыгып, 400 дөн ашык адам каза болгон. Алардын арасында балдар да бар болчу.