Франциянын мурдакы президенти соттолууда

Парижде Франциянын мурдакы президенти Жак Ширактын үстүнөн сот башталды. Ал 1977-95-жылдары Париждин мэри кезинде жалган жумуш орундарын түзүп, ага чегерилген акчаны өзү башындагы партиянын эсебине которуп, жемсөөлүк кылган деп айыпталууда. Ширак ден соолугуна байланыштуу сотко катышпасы маалымдалды. 78 жаштагы экс-президенттин күнөөсү тастыкталса, ал 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 150 миң евро айып төлөшү ыктымал. Жак Ширактын айыбы ырасталса, ал Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин жоопко тартылган биринчи француз президенти болот.