Нарында кендерге мораторий киргизүү сунушталды

Нарындагы айрым жаштар уюмдарынын өкүлдөрү аймактагы Жетим-Тоо, Сандык, Кумбел кендерине мораторий киргизүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Жаштар мындай сунушту Жерге-Тал айылында Жаратылыш ресурстары министри Замир Эсенаманов менен жолугушуу учурунда билдиришти. Өз кезегинде министр бул демилгени колдой турганын ачыктады. Учурда бул кендерге мораторий киргизүү боюнча кол топтолуп, мыйзам долбоору даярдалып жатканы кабарланууда. (ErB)