Бишкекте пластикалык хирургдардын жыйыны өтүүдө

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, бул эл аралык жыйынга Европа жана Азиянын пластикалык хирургдары катышууда. Иш-чара хирургдардын пластикалык операциялар боюнча тажрыйба алмашуусу үчүн Микрохирургия боюнча кыргыз коомчулугу тарабынан өткөрүлүп жатат. Анын жүрүшүндө пластикалык операциялардын жыйынтыктары боюнча түшкөн арыз, дооматтар да каралмакчы. (KKs)