Сотторду тазалоо кыймылы Бишкектеги Ак үй алдына кайрадан нааразылык митингин уюштурду. Бул тууралуу кыймылдын мүчөсү Каныбек Сарымсаков “Азаттыкка” билдирди. Алар Сотторду тандоо кеңешин таркатуу өтүнүчүн буга чейин бир нече ирээт билдиришкенине карабастан, бул талаптары аткарылбай жатканына нааразы болушууда. Ушундай эле иш-чараны Сотторду тазалоо кыймылынын Ош шаарындагы өкүлдөрү да уюштурушуп, судьялык кызматка таза иштеген адамдарды алуу талабын айтышты.
Кыймыл мүчөлөрү Сотторду тандоо кеңешине мурдагы бийлик тушунда таза иштебеген адамдар келип калганын жүйөө кармашып, буга чейин бир нече жолу митингге чыгышкан.
Деген менен мындай айыптоолорду Сотторду тандоо кеңеши четке кагып, кеңештин мүчөлөрү таза эле иштеп жатышканын билдирип келишет. Өлкө президенти болсо Соттордун тандоо кеңеши тарабынан сунушталган судьялар тыкыр каралып, талапка жооп бергендери гана электен өтөөрүн, кеңештин дарегине келип түшкөн сындар так иликтенерин буга чейин жарыялаган. (KKs)