Эл аралык валюта корунун мурдагы башчысы мекенине кайтып келди

Доминик Стросс –Канн бүгүн Францияга АКШда анын үстүнөн козголгон кылмыш иши жабылгандан кийин кайтып келди. Ал мейманкана жыйнаган кызматчыга сексуалдык ыдык көргөзгөн деген айып менен быйыл май айында Нью-Йоркто камакка алынгандан соң Эл аралык валюта корунун аткаруучу директорлугунан чегинүүгө аргасыз болгон. Бирок америкалык прокурорлор Доминик Стросс –Каннга каршы арыз берген мейманкана кызматчысынын көрсөтмөлөрү ишеним жаратпаганын моюнга алгандан кийин сот 23-августа аны актаган. Бул жаңжаалга чейин Франциядагы социологиялык сурамжылоолор боюнча Доминик Стросс–Канн келерки жылы өтүүчү президенттик шайлоодо алдыга чыга алуучу саяатчылардын сабында жүрүүчү.