Бүгүн Душанбеде ШКУнун саммити өтөт

Тажик баш калаасында бүгүн Шанхай Кызматташтык уюмунун саммити башталууда. Ага 6 мүчө мамлекеттин бардык президенттери катышат деп күтүлүүдө. Байкоочулар катары бийик жолугушууга Иран жана Ооганстан мамлекет башчылары да келишмекчи. Регионалдык коопсуздук боюнча уюм 2001-жылы негизделген.