Кыргызстандын эгемендигине карата президент Роза Отунбаеванын жардыгы менен ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары Курсан Асановго, ИИМдин дагы бир орун басары Кашкар Жунушалиевге “милициянын генерал-майору” деген наам ыйгарылды. Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаков да“ички кызматтын генерал-майору” болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)