Тынчтыкбек Чоротегин “Даңк” медалын алды

Бүгүн президент Роза Отунбаеванын жардыгы менен Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата "Азаттык" үналгысынын мурдагы жетекчиси Тынчтыкбек Чоротегин “Даңк” медалы менен сыйланды. “Азаттыктын” Жалал-Абаддагы кабарчысы Ырыспай Абдраимов менен үналгынын Ысык-Көлдөгү мурунку кабарчысы Рита Борбукеева Ардак грамота алды. "Азаттыкта" иштеп кеткен белгилүү музыка таануучу Балбай Алагушевге “Эл артисти” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. (EBM)