Кыргыз-кытай чек арасы жабылат

Чек ара Орозо айтка байланыштуу 31-августтан 5-сентябрга чейин жабылат. Бул күндөрү кыргыз-кытай чек араларындагы “Торугарт” жана “Эркеч-Там” өткөрүү түйүндөрү толугу менен жабык болот.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы чек ара кызматынан “Азаттыкка” маалымдашты.(ZKo)