Эртең Alippe TV долбоорунун бет ачаары өтөт

Ага президент Роза Отунбаеванын катышаары күтүлүүдө. Өлкө башчысы AlippeTV каналындагы биринчи Тынчтык сабагына катышат. Иш-чара алкагында AlippeTV тууралуу журналисттер үчүн брифинг уюштурулат.

Alippe TV долбоору мектеп жашындагы балдар үчүн багытталып, билим берүү багытын гана көздөйт. Канал 7 телевизиондук программаны өзүнө камтыйт. (EK)