Түркмөнстанда 3, 7 миң адам абактан чыгарылды

Түркмөнстан өкмөтү абакта отурган 3 700дөн ашуун адамга, анын ичинде 30 чакты чет элдикке мунапыс берди жана алардын баарын ишемби күнү түрмөдөн чыгарды. Президент Курбангулы Бердимухаммедов мунапыс тууралуу улуттук телеканаладан жарыялап жатып: “Түркмөнстан өз күнөөсүн мойнуна алып, чын жүрөктөн өкүнгөн өз жарандарына жана чет өлкөлүктөргө үзбөй мунапыс берип турат”,- деди. Мунапыс Рамазан айынын чыгышын утурлай берилди.