Казакстанда кесиптик кошуун мүчөсүнүн кызы киши колдуу болгону кабарланууда

Оппозициядагы "Элдик майдан" кыймылынын өкүлү Болат Атабаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, 18 жаштагы Жан-Сауле Карабалаеванын сөөгү башы жарылган абалында өлкөнүн батышындагы Мангыстау дубанында, Жана-Өзен шаарынын жанынан табылды. ӨзенМунайГаз ишканасынын кесиптик кошуунунун активисти Кудайберген Карабалаевдин кызы өткөн жекшембиден бери дайынсыз жоголуп жаткан. Аталган казак-кытай ишканасында жумушчулар айлыкты көбөйтүү, чет элдик жумушчулар менен бирдей шарт түзүү, кесиптик кошуундун адвокатын камактан бошотуу өңдөңгөн талаптар менен бир нече аптадан бери иш таштап жатышат.