Бүгүн Украина эгемендигинин 20 жылдыгын белгилейт

Киевдеги майрамдык иш-чарага президент Виктор Янукович катышмакчы. 20 млн.долларды коротпош үчүн аскерий парадды өткөрбөй турган болушту. Расмий иш-чаралар оппозициянын лидери Юлия Тимошенконун жактоочуларынын демонстрациясынын айынан үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экени айтылууда.