Ошто ачык асман алдындагы сүрөт галереясы ачылат

Ачык асман алдындагы арт-галерея «Биздин досторубуздун дүйнөсү» деп аталат. Анда «Балдар үнү жана күлкүсү» деп аталган темада сүрөттөр коюлмакчы. Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча, арт-галерея жыл бою үзгүлтүксүз иштеп, түрдүү тематикадагы сүрөттөргө орун берилет.

Галерея «Лотостун нуру» кайрымдуулук фонду тарабынан «Искусство жана маданият» программасынын алкагында "Ачык коом" фондунун каржылык көмөгү менен уюштурулууда.(ZKo)