Ошто ири өлчөмдө маңзат ташыгандар кармалды

21-августта Маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлери Ошто ири көлөм менен маңзат аткезчилерин кармады. МАИ бекетинде кармалган маңзат аткезчилери “ВАЗ-2107” үлгүсүндөгү унаа аркылуу 26 кг. ашык маңзатты алып баратышкан.

Аталган кызмат мындай өлчөмдөгү маңзат Орусиянын маңзат базарында 132 миллион рубль эсебинде бааланарын билдирүүдө. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. (EK)