Президент болом дегендер дагы бир кишиге азайды

БШК тараткан маалыматка ылайык, президентикке өзүн көрсөткөндөрдүн бири Таалайбек Токтоказиев арызын кайтарып алды.

Буга чейин президентикке өзүн-өзү көрсөткөндөрдөн KGinform.com маалымат порталынын редактору Виктор Виноградов менен "МК Азия" гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов арыздарын кайтарып алышкан.

Натыйжада бүгүнкү күнгө карай президенттикке катышууну каалагандардын саны 80ге түштү. Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген. (EK)