Ливиялык ыңкылапчылар ордо шаардын чордонун ээлешти

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ливиялык ыңкылапчылар жекшембиде, 21-августта кечкурун, ордо шаар Триполиге кирип келишти. Reuters. 21.8.2011.

Дүйшөмбүгө (22-августка) караган таңкы сааттарда ливиялык ыңкылапчылар ордо шаардын чордонун толук ээлеп калышты.

Ливияда бир нече айдан бери Муаммар Каддафинин авторитардык режимине каршы күрөшүп жаткан ыңкылапчылар жекшембиде, 21-августта кечкурун, ордо шаар Триполиге кирип келишкен.

Айрым өкмөттүк күчтөр ыңкылапчылар тарабына өтүштү, ал эми Каддафинин уулу Сайф ул-Ислам колго түштү. Бул тууралуу Эл аралык кылмыш сотунун өкүлү да тастыктады.

Саал мурдараак (жекшембиде) Муаммар Каддафи калайыкка кайрылып, борбор шаар Триполини "оторчулардын куйруктары" деп өзү атаган күчтөрдөн "тазалоого" чакырган.

Триполинин борбордук "Жашыл" аянтында шаттанган ыңкылапчылар жана элдик толкундоону жактагандар өз жеңишин майрамдоодо.