Мектеп программасына жаңы сабак киргизилет

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Керез Жукеева “Азаттыкка” билдиргендей, 2011-2012-окуу жылында Кыргызстандагы мектеп программасына “Коопсуздук эрежелеринин негиздери” аттуу жаңы сабак киргизилди. Учурда атайын топ түзүлүп, методикалык окуу куралын иштелип чыгууда. Маалыматка ылайык, бул сабак 1-класстан 11-класска чейин жумасына бир жолу окутулат. “Коопсуздук эрежелеринин негиздери” сабагы боюнча 1-4-класстар үчүн башталгыч класстын мугалими иш алып барат. 5-9-класстар үчүн класстык саат катары өтүлөт. Ал эми 10-11-класстын окуучулары “Аскерге чейинки даярдык сабагынан” бул материалдар менен таанышат.

Бул сабак Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан сунуш кылынып, мектеп окуучуларын ар кыл кырсыктар учурунда коопсуздукту сактоого үйрөтүүнү максат кылат. (KKs)