Белгияда музыкалык фестивал учурунда 5 киши набыт кетти

Белгияда жыл сайын өтүүчү Pukkelpop музыкалык фестивалында катуу шамалдан дарактар кыйрап, 5 киши каза болуп, 10дон ашыгы жаракат алды. Фестивалга 60 миңден ашуун киши топтолгон болчу. Уюштуруучулар иш-чараны токтотууга аргасыз болушту.