Дүйнөнүн фондулук рыногу калдастай баштады

АКШ, Европа жана Латын Американын фондулук рыногунда баалуу кагаздардын өтүмдүүлүгү кескин азайды. Фондулук индекстин төмөндөшүнө Кошмо Штаттар менен Европанын экономикасында жаңы рецессия башталышы ыктымал деген кооптонуу түрткү болду.

18-августта Нью-Йоркто Доу Жонс индекси 3,7 пайызга, Nasdaq 5,2 пайызга төмөндөдү. Ал эми Лондондо фондулук рыноктун көрсөткүчү 4,5, Парижде 5,5 жана Франкфуртта 5,8 пайызга төмөндөдү.

Түштүк Америкадагы эң чоң эсептелген Бразилиянын Сан Паоло индекси 3,5 пайызга ылдый кетти. Ошол эле учурда мунайдын наркы 5 долларга арзандап, бир баррели (159 литр) 82, 38 долларга түштү. Алтындын баасы жогорулап, бир унций (28,35 грамм) алтын 1830 долларга чыкты.

АКШ жана евромейкиндик 2 жыл мурда эле экономикалык рецессияны баштан кечирген.