Сотторду тандоо кеңеши жаңы төрагасын шайлайт

Жогорку Соттун маалымат кызматынын билдиришинче, Сотторду тандоо кеңеши 25-августта өзүнүн жаңы төрагасын шайлайт.
Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Замирбек Базарбеков 16-августта төрагалык кызматын тапшыруу боюнча арызын жазып, расмий түрдө кызматтан кеткен.

Базарбеков Жогорку Кеңештин 15-августтагы жыйынында кызматтан кетерин, бирок судьялардын тандалышындагы алешемдиктерге эч кандай тиешеси, күнөөсү жок экендигин билдирген.

24 кишиден турган Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Кеңештин 8-июлдагы кезексиз жыйынында бекиген. Алар Жогорку Сотко жана Конституциялык палатага тандаган судьялар жарандык коом өкүлдөрүнүн нааразылыгын жараткан. Кеңештин төрагасы Базарбековго бир катар депутаттар каршы пикирин билдирип чыгышкан. (AzK)