"Лион"-"Рубин" 3:1

Европанын чемпиондор лигасынын мелдешинде Франциянын "Лион" командасы Татарстандын "Рубин" футболдук клубун 3:1 эсебинде утуп алды. Кайра беттешүү 24-августта Казан шаарында өтөт.

Эки таймашуунун жыйынтыгы боюнча жеңген команда Чемпиондор лигасынын кубогу үчүн мелдешти улантууга укук алат. Ал эми жеңилген футболчулар Европа лигасынын мелдешине катышууну улантат.