Ооганстан: Базардагы жардырууда 7 киши набыт болду

Ооганстандын түштүгүндөгү жашылча-жемиш базарында 16-август күнү болгон жардыруудан кеминде жети киши курман болду. Сегиз киши жараат алды. Урузган провинциясынын саламаттыкты сактоо кызматынын директору Хан Ага Миякелдин билдиришинче, базарда мотоцикилге коюлган бомба жарылган.