Шайлоого катышуу ниети менен БШКга 83 киши кайрылган

БШК мүчөсү Жеңишбек Акматовдун түндө журналисттерге билдиргени боюнча, президент болуу ниети менен Боршайкомго 83 киши кайрылды. Алардын 16сы саясий партиялардан сунушталгандар, ал эми 66сы өзүн-өзү көрсөтүшкөн. Акыркылардан болуп арыз бергендердин арасында мурдагы Баш прокурор Кубатбек Байболов жана БШКнын экс-төрагасы Акылбек Сариев бар.

Президент болуу ниетин билдиргендердин 77си эркек, алтоо аял, сексени кыргыз, экөө орус, бирөө казак. 45 жашка чейинкилери - 15, алтымыш жашка чейинкилери – алтымыш, андан улуулары - 8.

Жеңишбек Акматовдун айтымында, эми талапкерликке көрсөтүлгөндөр 30 миң шайлоочунун колун топтоодо, 100 миң сом күрөөгө коюуда жана мамлекеттик тил сынагынан өтүү учурунда азайышы мүмкүн, ошого карабай БШК мүчөлөрү добуш берүү кагазынын өлчөмү тууралуу ойлонушууда. Боршайком талапкерлерди каттоо жараяны аяктагандан кийин мамлекет башчынын катышуусунда бардык талапкерлер менен жыйын өткөрүп, улуттук меморандумга кол коюуга жетишүү демилгесин алып чыкмакчы.

Кечээки күн менен президенттик шайлоодо ат салышууну каалагандардан арыз кабыл алуу токтоду. Бүгүнкү күндөн тартып аларды президенттикке талапкер катары каттоо жараяны башталат. Бул үчүн алар өздөрүнүн пайдасы үчүн 30 миң шайлоочунун колун чогултуусу, 100 миң сом күрөө коюушу тийиш, ошондой эле мамлекеттик тил сынагынан өтүшөт. (ZKo)