Жапония капитуляция күнүн белгилөөдө

Жапонияда Экинчи дүйнөлүк согуштагы капитуляциянын 66 жылдыгы белгиленүүдө. Токиодо Император Акихито урушта курман болгондорду эскерүү иш-чарасын өткөрдү. Анын атасы Хирохито 1945-жылдын 15-августунда радиодон улутка кайрылып, согушта утулушканын жарыялаган. Капитуляция жөнүндөгү документке 2-сентябрда америкалык “Миссури” кемесинде кол коюлган.