Жогорку Кеңеш кезексиз отурумга чогулат

Мурда кабарлангандай бүгүнкү отурумунда парламент Жогорку Сотко тандалган судьяларды бекитүү маселесин карашы күтүлүүдө.
Өткөн апталарда Сотторду тандоо кеңеши тарабынан Конституциялык палатанын мүчөлүгүнө 24 адамдын ичинен 11 талапкер, ошондой эле Жогорку Соттун судьялыгына талапкер 114 кишинин ичинен 29 талапкер тандалган.

Сотторду тандоо кеңешинин иши жарандык коом тарабынан нааразылык акциялары менен коштолуп, мамлекет башчы Роза Отунбаеванын кескин сынына кабылды. (ZKo)