Апта окуялары сүрөтбаянда (6-12-август)

8-август. Улуу Британиянын ордосу Лондон шаарынын Кройдон аймагындагы өрт. - Ройтерс кабар агенттиги таркаткан сүрөт.

8-август. Улуу Британиянын ордосу Лондон шаарынын Хакни аймагындагы тополоң учуру. - Ассошиэйтед пресс кабар агенттиги таркаткан сүрөт.

10-август. Улуу Британиянын Манчестер шаарынын атырабындагы тополоң учуру. - Бул дүкөндүн терезесинде "турмуш улана берет, бизнес да мурдагыдай" деп жазылган. Ассошиэйтед пресс кабар агенттиги таркаткан сүрөт.

Улуу Британиянын Ливерпул шаарында тополоңдон кийинки тазалоо учуру. - Ройтерс кабар агенттиги таркаткан сүрөт.

Улуу Британиянын ордосу Лондон шаарынын Стретэм аймагында полиция кызматкерлери күзөттө турат. - Бул дүкөндүн дубалында "Демейдегидей ачык" деп жазылган. Ройтерс кабар агенттиги таркаткан сүрөт.

Мцхети аймагында “жандуу чынжыр” түзүп, нааразылык чарасын өткөрүштү. - Калайыктын бир тобу Түштүк Осетия окуяларынан улам Орусиянын Грузияга каршы согушунун 3 жылдыгына байланыштуу Тбилисинин жанындагы Мцхети аймагында “жандуу чынжыр” түзүп, нааразылык чарасын өткөрүштү. Ройтерс кабар агенттиги таркаткан сүрөт.

АКШ жоокерлери Багдаддын жанында аскердик чарадан кийин. - АКШ жоокерлери Багдаддын жанында аскердик чарадан кийин тикучак чакырууда. Ассошиэйтед пресс кабар агенттиги таркаткан сүрөт.

8-августта расмий Кремлди колдогондор велосипед жарышын уюштурушту. - 8-августта расмий Кремлдин "кожоюндары" Д.Медведев менен В.Путиндин ынтымагын колдогондор Маскөө шаарынын чордонунда "кош чабендестик" велосипед жарышын уюштурушту. Ройтерс кабар агенттиги таркаткан сүрөт.

Мурдагы премьер Юлия Тимошенконун колдоочулары Киев сот имаратынын сыртындагы нааразылык жыйыны маалында. - 8-августта мурдагы премьер Юлия Тимошенконун колдоочулары Киев сот имаратынын сыртында нааразылык жыйынын уюштуруп, аны абактан бошотууну талап кылышты. Ройтерс кабар агенттиги таркаткан сүрөт.

Мурдагы премьер Юлия Тимошенконун колдоочулары ураан чакырууда. - 10-августта мурдагы премьер Юлия Тимошенконун колдоочулары Киев сот имаратынын сыртында нааразылык жыйынына кайра топтолушту. Ройтерс кабар агенттиги таркаткан сүрөт.

Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарын эскерүү. - Беларуста Бобруйск аймагында Экинчи дүйнөлүк согуштун курмандыктарын эскерүү жөрөлгөсү маалында миңдеген немис жоокерлеринин сөөктөрү кайра көмүлдү. Бул эки жигит жаңы мүрзөлөргө сөөк салынган кутуларды коюуда. Ассошиэйтед пресс кабар агенттиги таркаткан сүрөт.

Кабулдагы балдар качкындар лагеринде. - Кабулдагы качкындар лагеринде Рийаз Ахмад аттуу бала (солдо) мышыктын баласын алып чуркап бара жаткан кез. Ассошиэйтед пресс кабар агенттиги таркаткан сүрөт.

Кабулдагы наабайкана. - Кабулдагы наабайкана. Ройтерс кабар агенттиги таркаткан сүрөт.

Ливиялык аялдар НАТОго каршы демонстрация уюштурушту. - 11-августта Триполиде Мажарстан элчилигинин жанында бир катар ливиялык аялдар НАТОнун аскердик чараларына каршы демонстрация уюштурушту. Ассошиэйтед пресс кабар агенттиги таркаткан сүрөт.

Талип жоочулары Вардак вилайетинде. - Талип жоочулары Вардак вилайетинде. Ассошиэйтед пресс кабар агенттиги таркаткан сүрөт.

АКШ жоокерлери Бишкектин жанындагы "Манас" транзиттик борборунда. - АКШ жоокерлери Бишкектин жанындагы "Манас" транзиттик борборунда. Бул жоокерлер Ооганстандан атажуртуна - АКШга "Манас" аба майданы аркылуу кайтууда. Ассошиэйтед пресс кабар агенттиги таркаткан сүрөт.