Италия өкмөтү Европанын Борбордук банкынын талабына ылайык, мамлекеттик бюджетти үнөмдөө чараларын жактырды. Премьер-министр Силвио Берлускони бюджеттин чыгымдары 45 жарым миллиард еврого кыскартылаарын айтып, бул – айласыз кадам деп белгиледи:
- Бул өкмөт италиялыктардын капчыгына кол салбайбыз деп убада кылып келген, бирок дүйнөдөгү кырдаал өзгөрүүдө. Ири глобалдуу проблемаларга туш болуудабыз.
Долбоорго ылайык, коомдук чыгымдар, 50 миңдей жумушчу орун кыскартылат, байлар үчүн салыктар көбөйтүлөт. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жаңы чаралар социалдык жактан адилетсиз деп каршы болушкан.
Өкмөттүн чечими кабыл алынгандан кийин 12-августта Италиянын биржаларындагы көрсөткүчтөр көтөрүлдү. Буга чейин адистер Италия дефолт коркунучуна туш болушу мүмкүн деп эскертип келишкен.