Ысык-Көлдө орус альпинист каза тапты

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Фестивальный ашуусунда белгисиз себептен Орусиядан келген алпинист 54 жаштагы В. Неудахин каза болду.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Томск шаарынан келген 6 альпинист, 26-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өтүшкөн. 7-августта Фестивальный ашуусунда аба ырайы бузулганына байланыштуу түнөп калышкан. 12-августта кечке жуук альпинисттик топ Каракол шаарына түшүп келип, бир альпинисттин себепсиз каза болгонун кабарлашкан. Азыркы учурда каза болгон В. Неудахинди тик учак аркылуу алып келүү боюнча иш башталды. (KKs)