Токойлордо өрт коркунучу күч

Кыргызстандын Талас, Лейлек, Базар-Коргон, Аксы, Токтогул, Нарын райондорунун токойлорунда өрттүн жогорку коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы агенттиги эскертүүдө. Мындан улам токойлорго эс алууга чыккан жарандар от жагууда этият болушу абзел. (KKs)