Сотторду тандоо кеңешинин 1 мүчөсү Орусия жараны

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү Ирэна Степкичева Орусиянын жараны экени такталды. 2011-жылдын 9-август күнү бир катар интернет-басылмаларда Степкичеванын башка өлкөнүн жараны болгону жөнүндө маалымат жарыяланган. Маалыматка анын орусиялык паспортунун көчүрмөсү тиркелген.

10-августта бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиев да президент Роза Отунбаеванын катышуусу менен өткөн жумушчу жолугушуу учурунда сөз кылган.

Буга байланыштуу Кыргызстандын тиешелүү органдары атайын текшерүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында Орусия тараптан берилген расмий маалымат боюнча Ирэна Степкичева 1995-жылдын 21-майынан тарта Орусия Федерациянын жараны экендиги тастыкталды.

Сотторду тандоо кеңешине Ирэна Степкичева “Ар-намыс” фракциясынан көрсөтүлгөн. Бул жагдай боюнча Степкичева эч кандай комментарий бере элек. Ал эми Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Замирбек Базарбеков мындай маалыматты четке кагып, Ирэна Степкичева буга чейин Орусиянын жараны болгонун, азыр Кыргызстандын эле жараны экендигин “Азаттыкка” билдирди.

“Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандап алуу боюнча кеңеши жөнүндө” мыйзамына ылайык, бул органдын мүчөсү болууга Кыргыз Республикасынын жарандары гана укуктуу. (KKs)